Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Баткен: Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты


Бүгүн Баткендин Кыштут айылында кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Кыргыз чек арачылары өзбек жаранына таандык жеңил унаанын ичинен пахта түктөрүн кыргызстандык жарандын короосуна түшүрүп жатышканын көрүп калган. Окуя кыргыз-өзбек чек арасынан 100 метр бери көздөй жерде болгон. Аткезчиликке бөгөт коюу максатында чек арачылар кармалган өзбекстандыкты машинасын айдатып "Бел" тозотуна алып баратканда ал өзбек тарапка качып кетүүгө аракеттенген. Ошол жерден өзбекстандык тургундар кыргыз аскерине күч колдонуп, колундагы куралын алып койгон. Жардамга келе калган башка чек арачылар аны сууруп чыгып, ооруканага жеткирүүгө үлгүргөн. Учурда ал Айдаркен шаарчасынын ооруканасында жатат, абалы оор эмес. Окуяга байланыштуу эки тарап сүйлөшүү өткөрүп, өзбек тарап тартылып алынган куралды кайра кайтарып берди. Учурда Кыштутта абал тынч. Бул маалымат Кыргызстандын Чек ара кызматынан алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG