Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Кыргыз жазуучусу Британияда байгелүү болду


Кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай.
Кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай.
Турусбек Малдыбайдын "Toktogool – Liverpool" ("Токтогул – Ливерпуль") рок-романы Британияда өткөн көркөм адабий сынакта кара сөз чыгармалар категориясында экинчи орунга ээ болду. Конкурс Борбор Азия китеп форумунун алкагында өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" сынакты уюштурган "Хартфордшир Пресс" басмаканасы маалымдады. Сынакка жалпысынан 20 өлкөдөн ашуун жазуучулардын 168 чыгармасы түшкөн.

Которуу категориясында кыргызстандык профессор Рахима Абдувалиеванын "Маймыл кыз жана сумке" жомогу үчүнчү орунду алды. Ушул эле форумдун алкагында бишкектик 20 жаштагы сүрөтчү Ирина Гоголдун "Деңиз үлүлү" сүрөтү иллюстрация категориясында экинчи орунга ээ болду.

Борбор Азия китеп форуму 7-ноябрда Лондондо кыргыз элчилигинин колдоосу менен башталып, бүгүн Кембрижде соңуна чыкты. (BAz)

XS
SM
MD
LG