Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Президент Кумтөр маселесин саясатташтырбоого чакырды


12-ноябрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракция лидерлерин кабыл алды. Жолугушууда президент лидерлерди Кумтөр долбоору боюнча «Центерра голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүн позициясын эске алуу менен калыс чечим чыгарууга чакырды. Мамлекет башчынын айтуусунда, кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталбай туруп, бир жактуу чечим чыгаруу туура эмес. Атамбаев Кумтөр маселесинде өкмөт кыргыз тараптын кызыкчылыгын кыйла жакшыртууга жетишкен деп белгиледи.

Президент ошондой эле Кумтөр маселесинин ашкере саясатташып кетүүсү экономикалык коркунучтарга карабастан кенди улутташтыруу чечимине алып келүүсү ыктымалдыгын айтып, бул эң ириде өлкөдөгү туруктуулукту сактоо максатында гана болорун белгиледи.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG