Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Бишкекте миграция маселесине арналган жыйын өтөт


Кыргызстанга миграция саясаты керекпи, керек болсо миграциялык саясат кандай болуусу тийиш?” деген аталыштагы талкуу 13-ноябрда Бишкекте болот. Иш-чара “Миграциянын таасири тийген үй-бүлөлөрдүн укугун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өтөт.

Жыйында Орусиянын миграция саясатынын катаалданышына байланыштуу мигранттардын укугун коргоочу атайын саясат иштеп чыгуу маселеси ортого салынмакчы. Алардын ичинде Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундары үчүн виза эрежесин киргизүү демилгесинин оң-терс жактары, эмгек мигранттары үчүн кеңешме борборлорду түзүү, мигранттардын медициналык жардам алуу укугу ж.б. орчундуу маселелер бар.

Талкууга тиешелүү министрликтер, Кыргызстандагы Орусия элчилигинен, Орусиянын Миграция федерациясынан, эл аралык уюмдардан, диаспоралардан өкүлдөр, мигранттар өздөрү катышат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG