Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Чүйдө жоголгон баланын сөөгү каналдан табылды


Чүйдө жоголгон баланын сөөгү каналдан табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Ново-Покровка айылынын алты жаштагы тургуну Нурсултан Медербековду 3-ноябрдан бери издеп жатышкан. Акыркы жолу аны менен чогуу көрүшкөн ошол эле айылдын тургуну Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү да каналдан 9-ноябрда табылган болчу. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ага карата күч колдонулбаганы аныкталган. Ал эми Медербеков боюнча экспертиза бүгүн жүргүзүлмөкчү. Анын суу үстүнө калкып чыгып калган жансыз денесин Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунун жанынан өткөн каналдан бүгүн таң эрте балыкчылар көрүп, милицияга кабарлаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG