Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 07:16

"Моцарт жана Брамс" концерти өтөт


Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Моцарт жана Брамс" аттуу концерт өтөт. Бул маданий иш-чара 18-ноябрга пландаштырылып жатканын бүгүн "Азаттыкка" консерваториядан кабарлашты. Дүйнөлүк классиканын чеберлеринин мыкты чыгармаларын Жапониядан келген коноктор аткарып бермекчи. Алар - бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү Акико Хаякава (сопрано) жана дирижер Коичи Иноуэ. Концертке ошондой эле Бишкек мэриясынын алдындагы чоң симфониялык оркестр да катышат. Оркестрдин көркөм жетекчиси - кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев. (RK)
XS
SM
MD
LG