Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Баткенде бакчага барбаган беш миң бала бар


Баткен шаарында беш миңдей наристе орун жоктугунан бала бакчага барбай жүрөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Баткендин вице-мэри Имигүлсүн Рыскулова билдирди. Анын айтымында, мурда 10 миң калкы бар шаарда 7 бала бакча иштеп турган болсо, азыр калкынын саны 25 миң кишиге жеткен Баткенде эки гана бакча иштеп жатат. Беш бала бакчанын имараттары менчиктештирилип кеткен. Учурда 280 орунга эсептелген эки бала бакчада 700дөн ашык наристе тарбияланып жатат. Кээ бир топтордо бир орунга үчтөн бала кабыл алынган. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG