Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Ноокенде жоголгон үч жашар Эсен аман-эсен табылды


Жалал-Абаддын Ноокен районунда дайыны табылбай жаткан үч жашар Эсен аман-эсен табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, баланы кечээ кечинде Сары-Камыш айылынан 20 чакырым алыс жердеги арча бактын арасында уктап жаткан жеринен милиция кызматкерлери таап келди. "Эгер дагы бир аз болгондо бала тоңуп каза болуп калмак экен, себеби ал жакта түнкүсүн күн суук болуп жатат", - деди Осмонбаев.

Сары-Камыштын кичинекей тургуну, үч жашар Эсен 11-ноябрда короодо ойноп жаткан жеринен табылбай калган болчу. Кечээ куткаруучулар издеп таппай келген. Азыр баланын абалы жакшы. Суукта калып калгандыктан ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG