Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Бекмуратов: Ички мигранттардын укугу чектелүүдө


Кыргызстанда ички мигранттардын укугу чектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте миграция маселелерине арналып өткөрүлгөн жыйында "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордун" юристи Улан Бекмуратов билдирди. Ал ички миграциянын негизги проблемалары тууралуу доклад жасап, "Ички мигранттар жөнүндө" мыйзам жарандардын негизги укуктарына жана эркиндиктерине тоскоолдук жаратып жатканын айтты. Туруктуу жашаган жеринен башка жерге 45 күндөн көп убакытка кетсе 5 күндүн ичинде убактылуу каттого туруу керек деген эрежени баары эле билбесин, бул иштин өзү татаал экенин айтты. Ошонун кесепетинен айрыкча Бишкек менен Оштун тегерегиндеги жаңы конуштарда жашаган кыргызстандыктар шайлоого катышуу, мамлекеттик медициналык камкордукка алынуу сыяктуу саясый, экономикалык укуктарынан ажырап жатканын кошумчалады. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG