Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Армения: депутаттардын көбү Тоолуу Карабак боюнча добуш берген жок


Армения парламентинин көпчүлүк фракциялары Тоолуу Карабак аймагынын көз карандысыздыгын таануу боюнча добуш берүүдөн баш тартышты. Шаршемби күнкү добуш берүүгө 131 депутаттын 11и гана катышты. 10 мыйзам чыгаруучу "Тоолуу Карабак жумуриятын" таанууну колдошту. Андай сунушту оппозициядагы “Мурас” фракциясы киргизген. Көпчүлүк депутаттар демилгени колдоо - тынчтык сүйлөшүүлөрүнө залакасын тийгизээрин айтышууда. 1990-жылдары болгон уруш маалында жергиликтүү армян жикчилери Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабакты ээлеп алышкан. Өткөн жумада эки өлкөнүн президенттери жолугуп, диалогду улантуу жөнүндө макулдашты. Тоолуу Карабакты бир да өлкө тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG