Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Тоң: Үйүн окуучуларга берген чабан ижара акысын талап кылууда


Тоңдун Көк-Мойнок айылында үйүн мектеп окуучуларына убактылуу берген малчы ижара акысын талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте ички миграция маселелерине арналган жыйында Көк-Мойнок айылынын тургуну Жумагүл Эришова билдирди. Анын айтымында, былтыр кышында айылдын мектеби күйүп, таптакыр жарактан чыгып калган. Токсонго жакын окуучу ошондон бери жергиликтүү чабандын үйүндө окуп жатат. Тоң райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Эркин Акматовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ижара акысы талап кылынып жатканы чын, бирок окуу үзгүлтүккө учураган жок:

- Чыгарып салам деген жок. Бирок "былтыр унчуккан жокмун, быйыл мүмкүнчүлүк таап төлөп берсеңер болот эле" деп жатат. Чынында ошол ижара акысы чечиле элек болууда.

Көк-Мойнок айылына жаңы мектеп куруу иштери быйыл гана башталды. Ал үчүн түрк өкмөтү бөлгөн кредиттен 15 миллион сом берилди. Эркин Акматовдун айтымында, жаңы мектеп кийинки окуу жылынын башталышына карата бүтүшү керек. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG