Ооганстанда апийим өстүрүү быйыл рекорддук чекке жетти. Улуттар уюму жылдык докладында белгилегендей, 2013-жылы 5 миң 500 тонна апийим жыйналды. Бул - былтыркыдан 49 процентке көп жана дүйнөнүн башка жерлериндеги жалпы көлөмдөн ашат. Апийим айдалган аймактар 36 процентке өскөн. Бул тенденция НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы менен байланыштырылууда. Дыйкандарды 2014-жылдан кийинки кырдаал чочулатат, - деген тыянакка келишет докладдын авторлору.
- Ооган апийиминен түшкөн 68 миллиард доллар кирешенин 10 процентине жетпегени гана Ооганстандын өзүндө калат. Калган 90 проценти чет өлкөлөргө тийет. Демек жоопкерчиликти бардыгыбыз тең бөлүшүүгө тийишпиз, - деди БУУнун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин Кабулдагы өкүлү Жан-Люк Лемайө.
Апийим негизинен талиб согушкерлеринин таасири күчтүү болгон түштүк жана чыгыш чөлкөмдөрүндө көп өстүрүлөт.