Британиялык сүрөтчү Фрэнсис Бэкондун чыгармасы 142,4 миллион долларга сатылды. 1969-жылы тартылган триптих “Люсьен Фройддун үч сүрөтү” деп аталат. “Кристистеги” аукцион 6 мүнөткө гана созулду. Сатып алуучунун аты шардана кылынган жок. Буга чейинки рекордду Эдвард Монктун “Кыйкырык” деген сүрөтү койгон. Аны былтыр май айында 120 миллион долларга сатышкан.