Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Белгилүү шоумен Бакыт Букаевди өлтүрүп кетишти


Таанымал алып баруучу жана шоумен Бакыт Букаевдин сөөгү бүгүн кечинде Бишкектин Жаш гвардия жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги өзү жашаган батирден табылды. Бул кабар милицияга бүгүн кечки жетилер чамасында түшкөнүн "Азаттыкка" ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов тастыктады. Маалыматтарга караганда, Бакыт Букаев бычакталып өлтүрүлгөн жана бул окуя бир күн мурда болгон болушу мүмкүн. Тергөө тобу азыр окуянын чоо-жайын териштирүүгө киришти.

Мындай суук кабарды милицияга кабарлаган Бакыт Букаевдин жакын досунун айтымында, ал бул күнү бир кечени алып бармак. Бирок белгиленген убакта келбегенден жана телефону өчүк болгондон улам ал үйүнө издеп келип, досунун канга боёлгон денесин тапкан.

Маркум бул учурда үйүндө жалгыз болгону айтылууда. Бакыт Букаев 44 жашта эле. Ал 1990-жылдардын башында Кыргыз телекөрсөтүүсүндө (азыркы КТРК) "Жаштык ыры" аттуу телесынакты алып чыгуу менен көпчүлүккө таанылган. Азыркы атактуу аткаруучулардын көбүнүн ырчылык тушоосу дал ушул телеберүүдө кесилген. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG