Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Адвокат Икрамидин Айткуловду сабап кетишти


Адвокат Икрамидин Айткуловду 13-ноябрь күнү кечки саат ондор чамасында үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын иниси Хансар Айткулов маалымдады. Анын айтымында, токмоктолгон адвокатты жакындары эс-учун жоготкон абалында таап, Бишкектеги №4-ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалып, буту сынганын билдиришти:

-Башы жарылып, мээси чайкалган. Тиштери күбүлгөн. Бутун сындырышкан. Атайын үйдүн түбүнөн күтүп туруп, Икрамидин автоунаасын коюп, үйгө кирип келе жатканда башка урушкан окшойт. Жыгылып калганда дагы тепкилеп, бутун сындырышкан өңдүү. Биз муну атайын буйрутма менен жасалган иш деп эсептейбиз. Анткени анын жанындагы акчасына, автоунаанын ачкычына тийишкен эмес, болгону телефонун көтөрүп кетишкен. Азыр реанимация бөлүмүндө жатат.

Айткуловдун сабалышы боюнча Свердлов райондук милициясы иликтөө иштерин баштады.
Икрамидин Айткуловдун иниси Хансар Айткуловдон таңга жуук алынган маалымат боюнча адвокат эсине келди.
Икрамидин Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары көбүрөөк белгилүү. Ал “Ата Журт” партиясынын депутаттарынын, экс-министр Равшан Сабировдун, “Мегаком” иши боюнча айыпталып жаткандарды сотто жактап келген.

Айрым каяшалары үчүн Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лицензиясын чакыртып алуу маселесин Башкы прокуратура бир нече жолу көтөргөн болчу.(SE;ZKo)

XS
SM
MD
LG