Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Кадамжай милициясынын алдына эл чогула баштады


Кадамжай милициясынын алдына кишилер чогула баштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына Кадамжайдын тургундары Абдыкерим Сатыбалдиев жана Сулайман Тилекбаев билдирди. Райондук милициянын алдына 50дөй киши чогулуп турат. Алар адвокат, жеке ишкер Маматкадыр Гапаровдун кармалган себебин түшүндүрүүнү талап калууда. Гапаров кечээ, 13-ноябрда кармалган. Милициянын айтымында, ал 7-ноябрда каржы полициясынын өкүлүн барымтага алган. Ал эми Гапаровдун тарапкерлери ал ашканасынын чатырына чыккан кишини көрүп "уруксатсыз бул жака эмнеге чыктың" деп бир нече убакытка чейин шатыны алып койгон. Бул окуядан кийин каржы полициясынын өкүлү милицияга арыз менен кайрылган. Азырынча бул окуя боюнча жергиликтүү милиция түшүндүрмө бере элек. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG