Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ымыркай уурдалган бөлүмдүн башчысы иштен алынбайт


Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн ымыркай жоголгон бөлүмүнүн башчысы иштен четтетилбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Элнура Боромбаева билдирди. Анын айтымында, бөлүм башчы тергөөнүн жыйынтыгы чыкканча гана жетекчилик кызматынан убактылуу четтетилди, бирок реаниматолог катары ишин уланта берет:

- Ал мыкты балдар реаниматологдордун бири. Аны таптакыр четтетип таштасак ким иштейт. Өзүбүзгө андай адистер жетишпей жатбайбы. Ал бөлүм башчылык кызматтан гана убактылуу алынды.

Боромбаеванын айтымында, окуяга байланыштуу түзүлгөн комиссиянын чечими менен №4 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлнара Мамытова иштен алынды. Шаардык Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жана төрөт үйүнүн айрым кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.

5-ноябрда төрөт үйүндө бир айлык кыз жоголгон. Апасы операция болгонуна байланыштуу аны ошол жерде карап жатышкан. Ымыркайды бүгүн Асанбай кичи районунан №4 төрөт үйүндө дарыланып кеткен келиндин үйүнөн табышты. (RK)

XS
SM
MD
LG