Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Адвокат Айткуловду сабагандар изделүүдө


Адвокат Икрамидин Айткулов (сүрөт интернеттен алынды жана качан тартылганы белгисиз)
Адвокат Икрамидин Айткулов (сүрөт интернеттен алынды жана качан тартылганы белгисиз)

Адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча кылмыш иш козголду. Ишти Свердлов районунун милициясы иликтеп, териштирип жатат. Адвокаттын туугандары кол салууну анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

Айткулов буга чейин бир катар чуулгандуу окуялар боюнча айыпталгандардын, оппозиция өкүлдөрүнүн жактоочусу болуп жүргөн.

Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча “күч колдонуп карактоо” деген берене боюнча кылмыш иш козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов сабалган себептери боюнча так версия азырынча жоктугун айтууда:

- Кылмыш белгисиз адамдар тарабынан жасалып жатпайбы, өзү да, биз да билбейбиз. Азыр бизге түшкөн маалыматтар менен иштеп жатабыз. Балким ошол жердеги бейбаш адамдар телефон, акчасын алып, карактоо максатын көздөгөндүр. Эми аны тергөө көрсөтөт. Азырынча кайсы бир версияны айтууга эрте.

Адвокаттын жакындары болсо бул окуяны анын кесиптик ишмердиги менен гана байланыштырып жатат. Бир тууганы Хансар Айткулов агасын буга чейин кимдир бирөөлөр коркутуп-үркүткөнү тууралуу билбей турганын маалымдады:

- Агамды реанимациядан палатага которушту. Абалы туруктуу болгону менен оор. Биз кесиптик иши менен эле байланыштырып жатабыз. Биз билгенден андай коркутуулар деле болгон эмес. Эгер андай болсо айтат эле, бул окуя иши менен эле байланыштуу го.

Айткуловдун окуясы Жогорку Кеңештин жыйынында да сөз болду. “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева бул боюнча ички иштер министри Абдылда Суранчиевди чакыртуу демилгесин көтөрдү:

- Бакиевдин мезгилиндегидей окуялар кайталанып жатпайбы. Эртең ушундай окуялар депутаттарда, мамлекеттик кызматкерлерде болбойт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан биз сөзсүз Суранчиевди чакырып, маалымат угушубуз керек. Ушундай иштин артында ким турганын билишибиз керек.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова чуулгандуу иштер боюнча сот процесстерине катышып жүргөнүн айтууда:

- Икрамидин Айткулов жөнөкөй, катардагы иштер менен алектенчү эмес. Ал аябай чырлуу, саясатташкан, кээде өзүнүн өмүрүнө коркунуч келген иштер менен алектенчү. Биздин уюм да кайсы бир оор иштер боюнча аны менен кызматташчу. Мен өзүм да андан күчтүү юрист катары кээде кеңеш алып турчумун.

Абдирасулова Кыргызстанда адвокат болуш оор деп эсептейт:

- Кайсы жактан коркунуч болорун адвокат өзү да билбейт. Соттолуучулар, соттолуучулардын туугандары тараптан коркунуч болуп калабы, же жабырлануучулар тарабынан болобу, же бийликтенби, айтор адвокаттар өздөрү да билбей калып жатат. Сот залынан деле канчасын сабап кетип жатат. Ошондуктан бир эле бийлик жактан деп айта албайм. Эми кандай болгонун тартип коргоо органдары аныктаса керек.

Икрамидин Айткуловду 13-ноябрда кечки саат ондордо үйүнүн жанынан сабап кетишти. Жакындары анын башы жарылып, мээси чайкалганын, буту сынганын айтууда. Учурда ооруканада.

Адвокат Айткулов “Альфа Телеком”, мурунку министр Равшан Сабиров жана "Ата Журттун" мурдагы депутаттарынын иши боюнча сот процесстеринде айыпталып жаткандарга жактоочу болгон.

Камчыбек Ташиевге адвокат болуп жатканда Башкы прокуратура коомчулукту адаштырган маалыматтарды байма-бай таратып жаткан деген доомат менен анын адвокаттык лицензиясын алуу боюнча Юстиция министрлигине кайрылган эле.

Айткулов: Сабалышым - саясий буйрутма
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG