Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Иракта жардыруулардан 39 адам мерт кетти


Кербадагы майрамдык жөрөлгөдө айрымдар өздөрүн сабашканы көрүндү, 14-ноябрь, 2013
Кербадагы майрамдык жөрөлгөдө айрымдар өздөрүн сабашканы көрүндү, 14-ноябрь, 2013
Иракта шийилердин Ашура диний майрамындагы жардыруулардан 39 адам набыт болду. Өлкөнүн чыгышындагы ал-Садия шаарында жанкечти өзүн жардырып, андан 30 киши өлдү. Кеминде 65 адам жаракат алганы кабарланууда. Багдадга жакын жерде эки бомба жарылып, тогуз киши көз жумду.

Бүгүн Иракта жана дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө шийи мусулмандары Ашураны майрамдап жатышат. Зыяратчылар Мухаммад пайгамбардын небереси имам Хуссейндин көз жумганынын 7-кылымында аза күтүш үчүн ыйык Кербала шаарындагы күмбөзгө агылууда.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, быйыл Ирактагы түрдүү чабуулдарда жети миңден ашуун киши мерт болгон. Октябрь – 2008-жылдан берки эң кандуу ай болуп калды. Өлгөндөрдүн саны өткөн айда дээрлик 1000 адамга жеткен эле.

XS
SM
MD
LG