Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Толоконникова Сибирдеги түрмөгө которулду


Орус бийликтери Надежда Толоконникова Сибирдеги түрмөгө которулганын тастыкташты. Жаза өтөө федералдык кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Pussy Riot тобунун камактагы мүчөсү Надежда Толоконникованын үй-бүлөсүнө анын Красноярск крайындагы түрмөгө которулганы тууралуу расмий кат жөнөтүлдү. Ал эки жылдык жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн ушул жерде өтөй турганы айтылууда. Буга чейин Мордовиядагы түрмөдө “өмүрүнө коркунуч келтирилгенин, андагы начар шарттарга нааразы экенин” айткан активист-ырчы ачкачылык жарыялаган. Анын жакын туугандары Толоконникованын абалы, каерде кармалып турганы жөнүндө үч аптадан бери эми угуп жатышат. Аны былтыр Москвадагы негизги чиркөөдө президент Владимир Путинди сындап ырдаганда кармап, “бейбаштык” үчүн камашкан. Келерки жылы мартта түрмөдөн чыгарылышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG