Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Иракта өлгөндөрдүн саны 40 адамдан ашты


Бүгүн Иракта шийилердин Ашура диний майрамындагы жардыруулардан 40тан ашуун адам набыт болду. Эң кандуу окуя өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Диала провинциясында катталды. Анда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 32 адам өлгөн, 70тен ашууну жаракат алды.

Бүгүн Иракта жана дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө шийи мусулмандары Ашураны майрамдап жатышат. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, быйыл Ирактагы түрдүү чабуулдарда 7 миңден ашуун киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG