Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Адам укугун коргоо кеңеши бийликке кайрылды


Кайрылуу 13-ноябрда адвокат Икрамидин Айткуловдун белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолушуна байланыштуу Президентке, Өкмөт башчыга, ЖК төрагасына жана Баш прокурорго жолдонгон. Кайрылуу ээлери бийликтен адвокаттарга жана укук коргоочуларга өздөрүнүн мыйзамдуу ишмердүүлүгүн коопсуз, Кыргызстандын мыйзамдарына жана Эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүсүн өтүнүшкөн. Ошондой эле алар адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши акыйкат иликтенип, айыптуулар мыйзам чегинде жазаланарына ишеничин билдиришкен. Кайрылууда адвокат Икрамидин Айткулов жарандык активист катары Кыргызстандагы адам укуктарын коргоого арбын күч жумшап келгени, ал Баш прокурор Аида Саляновага карата катуу сын айтып жүргөнү белгиленген.

Белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловду 13-ноябрь түнүндө белгисиз бирөөлөр Бишкектеги үйүнүн жанынан токмоктоп кетишкен. Эс-учу жок жаткан жеринен адвокатты туугандары таап, ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын башы жарылып, мээси чайкалганын, буту сынганын билдиришкен. Жакындары адвокатка кол салынышын анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө байланыштырышууда.

Икрамидин Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары көбүрөөк белгилүү. Ал “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын, экс-министр Равшан Сабировдун, “Мегаком” иши боюнча, Апрел окуясы боюнча, Кумтөр алтын кени боюнча айыпталып жаткандардын соттогу жактоочусу.

Айрым каяшалары үчүн Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лицензиясын чакыртып алуу маселесин Башкы прокуратура бир нече жолу көтөргөн болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG