Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Кургак учуктан дарылоочу абак түзүлөт


Молдовановкадагы №31 Түзөтүү абагынын имараттары Эл аралык кызыл чырым коому тарабынан оңдолуп, эркинен ажыратылгандарды кургак учуктан дарылоочу атайын жайга айландырылууда. 15-ноябрь күнү аталган абакта оңдолуп-түзөлүп, ооруларды дарылоонун бардык эреже-талаптарына жооп берүүчү эки кабаттуу эки имарат иштетүүгө берилет. Ошондой эле жаңыдан курулган медициналык түйүндүн ачылышы болот.

Эл аралык кызыл чырым коомунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Светлана Швачеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул иш-чара кыргыз өкмөтүнүн “кургак учук менен жабыркаган бардык эркинен ажыратылган адамдарды бир жерде дарылоо” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Эл аралык кызыл чырым коому бул жаатта Жаза аткаруу кызматы менен 2006-жылдан бери кызматташып келет. Маалыматка ылайык, кызматташуунун алкагында №31 түзөтүү колониясында дагы эки жаңы имарат курулат, бул жерде камактагы кургак учук менен ооругандар бардык эрежелерге ылайык, толук дарыланып, андан кийин кайрадан жаза өтөп жаткан жерлерине кайтарылат.

Кыргызстанда 5 СИЗО, 11 Түзөтүү колониясы, 14 жатак абак жана 1 абак режиминдеги СИЗО бар. Буларда жалпысынан 11 миңдей киши кармалууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG