Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айылында өткөн түнү жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, силкинүүнүн очогу кыргыз-кытай чек арасында болду. Күчү 3-3,5 баллга жетти. Ал жерден 22 чакырым түштүк-батышта жайгашкан Алайкуу жана Таш-Кыя айылдарында жердин титиреши 1,5-2 балл болуп сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)