Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Бишкекте кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өтүп жатат. Ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштуулар, тарыхчы-изилдөөчүлөр, коомчулук өкүлдөрү катышууда. Конференциянын катышуучуларына жолдогон катында президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхынын али изилдене элек барактары көп экенин айтып, бул багытта жасала турган изилдөөлөр келечекте жарандардын мекенчил сезимин калыптандырып, өлкөдө жана аймакта жашаган элдин ортосунда өз ара түшүнүүнү жакшыртууга шарт түзөт деген оюн билдирди. Конференцияга ондон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Аны президенттик аппарат, өкмөт, Илимдер академиясы, "Мурас" коомдук фонду жана башка уюмдар бирге уюштурду. IX кылымдын ортосуна Борбор Азияда кыргыздардын жылдызы жанып, белгилүү чыгыш изилдөөчү В.Бартольд “Улуу кыргыз державасы” деп атаган күчтүү кагандык түзүлгөн болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG