Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Нарында окуучу кыздын демилгеси менен суу түтүктөрү оңдолот


Нарында окуучу кыздын демилгеси менен суу түтүктөрү оңдолот. Кабарчыбыздын айтымында, Чкалов орто мектебинде окуган Айсанат Касымбекова “Сорос-Кыргызстан” фондуна "Суу өмүр булагы” деген долбоорун жазып кайрылган. Жыйынтыгында аталган уюм шаардагы 112 суу түтүгүн сырдап, иштебеген 37син оңдогонго акча бермей болду. Мындан сырткары окуучу кыз шаардык Суу канал ишканасы жана жаш активистер менен “Сууну сактайлы!” деген ураан астында маалыматтык акция өткөрүүнү пландап жатат. Долбоордун жалпы суммасы 92 миң сом болду. "Бул иш-чаралар кыш түшкүчө ишке ашырылат", - дейт Касымбекова. Суу канал ишканасынын маалыматында, Нарында 112 суу түтүгү болсо, анын 75и гана иштейт. Бирок алардын да абалы талапка жооп бербейт. Таза суу менен шаар калкынын 80% камсыз болгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG