Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Артыкбаев: Электр өчүрүлбөйт


Быйыл кышта Кыргызстанда электр энергиясын атайылап бир нече саатка өчүрүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги "Республика" фракциясынын жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Ал энергетика тармагы кышка даяр экенин айтып, авариялык учурлар эле болбосо, электр жарыгы мурдагыдай өчүрүлбөй турганын айтты. Былтыр кыш кыйла жеңил болуп, электр менен камсыз кылуу жагында маселе дээрлик чыккан эмес. Ал эми мурдагы жылы кыш оор болуп, Бишкекте жана жаңы конуштарда жашагандардын айрымдарынын үйүндө электр жарыгы бир нече күндөп жок болгон учурлар чыккан. Энергетиктердин айтымында, азыркыдай керектөөгө подстанциялардын жана зымдардын күчү жетпей калууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG