Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

"Ата-Журт" фракциясынын жаңы лидери шайланды


Бүгүн парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Фракция башчысынын кеңешчиси Нурлан Шакиевдин "Азаттыкка" айтымында, Абдылдаев "Ата-Журт" партиясынын саясый кеңешинин сунушу боюнча шайланды. Анын талапкерлигин партия лидери Камчыбек Ташиев да колдоду. Фракциянын буга чейинки лидерлери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен соттолуп, депутаттык мандатынан айрылган. Алар бул айыпты оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясый куугунтуктоо деп сыпаттап келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG