Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Обама Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизбөөгө чакырды


14-ноябрда АКШ президенти Барак Обама Ак үйдөгү маалымат жыйында мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизбей турууга чакырды. Конгресстин көпчүлүк мүчөлөрү Тегеран уранды байытуу менен ядролук курал жасоодон толугу менен баш тарткандан кийин гана Иранга каршы мурда киргизилген санкциялардан баш тартууну туура көрөт. Америкалыктардын пикиринде, Тегеран азырынча мындай милдеттемелерди ала элек. Сенаттын бир комитети Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо.

Президент Обама Ирандын мунай тармагы менен банк системасына киргизилген жазаналар күчүндө калаарын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG