Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Депутаттар энергетикадагы жемкордукту жоюуну тапшырды


Кечээ Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясында өкмөттүн кышка камдануу боюнча маалыматы талкуулангандан кийин эл өкүлдөрү тармактагы көмүскө схемаларды жоюуну, жемкордукка аралашкан чиновниктерди жоопко тартууну тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар кышында электр жарыгын үзгүлтүксүз берүүнү да тапшырышты. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганын, аварияларды алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын белгиледи.

Артыкбаевдин айтымында, электр кубаты былтыркыга салыштырмалуу 20 пайызга көп колдонулуп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG