Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Кыйноо фактысы боюнча 208 кайрылуу катталды


2013-жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өттү, 2 кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматында, кыйноолор тууралуу кайрылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган.

Укук коргоочулар кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп катталарын билдирип келишет.

Кыргызстанда кыйноолорду тыюу боюнча координациялык кеңеш иштейт. 2012-жылдын июль айында Кыйноолорду алдын алуучу Улуттук борбор түзүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирген. (AKu)

XS
SM
MD
LG