Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

Ооганстанда Лойя Жырганын жанында жардыруу болду


Полиция жанкечти жардырган жерди изилдеп жатат, 16-ноябрь, 2013

Полиция жанкечти жардырган жерди изилдеп жатат, 16-ноябрь, 2013

Полиция кабарлагандай, бүгүн түштөн кийин Лоя Жырганын (же Улуттук курултай) жанындагы комплексте дүрмөттөлгөн машине жарылды. Окуя болгон жерди Ооганстандын коопсуздук күчтөрү курчоого алышкан. Тез жардам машинелери жабыркагандарды ооруканага жеткирип жатканы айтылды, бирок канча адам жапа тартканы белгисиз.

Келерки аптада Лоя Жыргада үч миңдей уруу башчылары менен Ооганстандагы таасирдүү өкүлдөрдүн жыйыны өтүшү керек. Алар америкалык аскерлерге келерки жылы бүт чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгарылгандан кийин да калууга уруксат берген документти талкуулашмак.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG