Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Сириянын химиялык куралы кайсы жерде жок кылынаары белгисиз


Дүйнөдө химиялык куралдарга каршы негизги уюм кечээ Сириянын химиялык куралын жоготуу планын жактырды, бирок анын кайсы жерде жоготулаары белгисиз. АКШ операцияны Албанияда өткөрүүнү сунуштаган, бирок албан өкмөтүнүн башчысы Эди Рама андан баш тартаарын айтты.

"Өзүбүздүн маанилүү досторубуз жана өнөктөштөрүбүздүн ишине терең урмат билдирүү менен катар Албания бул операцияга катыша албайт деген чечимимди айтам", - деди Рама.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын бийликтери зарин жана башка заар химиялык куралдарды өлкөдөн чыгарып туруп жоготуу сунушун айткан.

Өлкөдө быйыл августта химиялык курал колдонулуп, андан жүздөгөн эл өлгөн. Эл аралык кысымдан кийин расмий Дамаск өзүндөгү андай куралдын баарын жок кылууга макул болгон эле.

XS
SM
MD
LG