Орусиянын Волгоград шаарында өткөн айда автобусту жардырууну уюштурган деп шектелген киши бүгүн Махачкаладагы атайын операцияда өлтүрүлдү. Күч органдары Дмитрий Соколов менен кошо дагы төрт куралчан козголоңчу жок кылынганын айтышты.
Бүгүн бир аз мурдараак Дагестандын баш калаасынын четиндеги Семендер айылында аскерлер жер тамды курчоого алышканы, атышуу жүрүп жатканы кабарланган.
Шаардагы кылмыш тобунун мүчөсү Дмитрий Соколов 21-октябрдагы жардырууну уюштурганын мойнуна алганы да айтылган. Ислам динин кабыл алган ал киши автобуста өзүн жардырган Наидия Асияловага үйлөнгөнү маалым болгон. Волгограддагы жардырууда алты киши набыт болгон, 40тан ашууну жаракат алган болчу.