Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Рахмон төртүнчү президенттик мөөнөтүнө киришти


Эмомали Рахмондун инаугурациясында тартылган тасмадан, 16-ноябрь, 2013
Эмомали Рахмондун инаугурациясында тартылган тасмадан, 16-ноябрь, 2013
Бүгүн тажик парламентинде Эмомали Рахмон президенттик антын берди. 6-ноябрдагы президенттик шайлоодо ал 83% добуш менен уткан. Ошентип 21 жыл өлкөнү башкарып келген Рахмон дагы жети жылга мамлекетти башкара турган болгон.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандагы шайлоодо “саясий плюрализм менен чыныгы тандоо болгон жок” деп билдирген. Аны менен бирге президенттик кызмат үчүн ат салышкан беш талапкердин эч кимиси калкка кеңири таанымал саясатчылар эмес эле. Оппозициянын бирдиктүү талапкери шайлоого катыша алган жок.

XS
SM
MD
LG