Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Түрмөдөгү кургак учук ооруканасына доктур жетишсиз


Молдокановка айылындагы №31 колонияда ачылган жаңы ооруканага доктурлар жетишсиз болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, дарыгерлер үчүн жаңы жумуш орундарын ачуу каралган эмес, андыктан, мекеменин азыркы штаттык курамынан кыскартуу жүргүзүлмөкчү. Кургак учук оорусу бар кылмышкерлер №3, №27 жана №31 колонияда кармалат. Мурдагы күнү №31 түрмөдө Кызыл Чырым эл аралык коомунун жардамы менен заманбап шарты бар оорукана ачылган. Маалымат кызматынын айтымында, учурда 100дөй кишини оорусунун түрүнө жана жасаган кылмышынын оордугуна жараша өз-өзүнчө бөлүп кармоо шарты түзүлдү. Буга чейин кургак учукка чалдыккандардын ичинен оор кылмышкерлери да, жазасы жеңилдери да бир кармалчу. (RK)

XS
SM
MD
LG