Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлүүдө


Соңку бир нече күндөн бери кечкисин Бишкектин айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Бул жаңы жабдуу орнотууга байланыштуу гана болуп жатканын бүгүн "Азаттыкка" "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын айтымында, 15-ноябрдан бери "Улуттук электр тармагы" ишканасы "Абдыкалыков" жогорку чыңалуудагы подстанциясында жабдуу алмаштырып жатат. Ошондуктан Бишкектин түштүк кичи райондорунда кечкисин жарык 1,5 саатка өчүрүлүүдө. Бүгүн да кечки саат бешке чейин айрым көчөлөрдө электр жок болот. Өчүрүүлөрдүн графиги тууралуу маалымат "Түндүкэлектрдин" сайтында бар. Аталган ишкана немис өкмөтүнүн жардамы менен шаардагы эскилиги жеткен электр жабдууларын алмаштырып, күндөн-күнгө өсүп жаткан абоненттердин санына жараша күчтүү трансформатор, подстанцияларды орнотуп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG