Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Кыргызстан БУУдан шайлоо системасы үчүн жардам сурады


Кыргызстан кезектеги шайлоолорду өткөрүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан эксперттик, техникалык жана каржылык жардам сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. БУУнун Баш катчысынын саясый маселелер боюнча орун басары Жефри Фелтман Нью-Йоркто Кыргызстандын өкүлү Таалай Кыдыров менен жолукту. Ал маселе менен жеринен таанышыш үчүн жакын арада Бишкекке атайын делегация жөнөтүлөөрүн билдирди. Азыркы иштеп жаткан Жогорку Кеңештин мөөнөтү 2015-жылы, ал эми президенттики 2017-жылы аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG