Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Уу калдык боюнча Кыргызстан сунушу БУУда жактырылды


Уран жана башка уу калдыктар боюнча Кыргызстан сунуштаган резолюциянын долбоору Бириккен Улуттар уюмунун экинчи башкы комитетинде жактырылды. Эми бул документ декабр айында Башкы ассамблеянын бекитүүсүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстан сунуштап жаткан резолюция "Борбор Азиядагы радиациялык коркунучту жоюуда эл аралык коомчулуктун ролу" деп аталат. Анда дүйнө коомчулугу бул багытта жасап жаткан азыркы иши жетишсиз экени, аймактын калкы олуттуу социалдык-экономикалык, экологиялык көйгөйлөргө кириптер болуп жатканы айтылган. Кыргызстанда совет доорундагы өндүрүштөн калган уран калдыктары көмүлгөн 90го жакын жер бар.(RK)

XS
SM
MD
LG