Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Бишкек – Казан каттамы үзгүлтүккө учурабайт


"Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Боинг–737-300 учагы Казань эл аралык аба майданында, Татарстан.
"Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Боинг–737-300 учагы Казань эл аралык аба майданында, Татарстан.
Казандын эл аралык аба майданында кыйраган "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагына байланыштуу убактылуу жабылып турат. Мындан улам бир нече авиакомпаниялар Казанга каттамдарын токтоткон. Татарстандын борборун тейлеген аэропорт 18-ноябрда учуп-конуу тилкеси тазалангандан кийин кайра ачылары күтүлүүдө.

Кыргызстандан Казанга бир гана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы Оштон жана Бишкектен аптасына бир жолудан учат.

"Авиа Траффиктин" пландалган дүйшөмбү 18-ноябрдагы 857-каттамы жадыбал боюнча саат 19:00до сапар тартаарын "Манас" аэропорту тастыктады. Бул каттам Казань убактысы боюнча саат 20:30да конуп, Бишкекке кайра шейшемби күнү таңкы саат 03:40та кайтып келет.

Жекшемби 17-ноябрда Казандагы аэропортто кырсыктаган самолётто 50 адам каза тапты. "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учураган. Самолёттогу 44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү мерт кетти. (BAz)

XS
SM
MD
LG