Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Тажик учактары Бишкек аркылуу учууда


"Тажик Эйрдин" учагы, Душанбе аэропорту, 2-июль 2011-ж.
"Тажик Эйрдин" учагы, Душанбе аэропорту, 2-июль 2011-ж.
Тажикстандын "Ист Эйр" авиакомпаниясы өлкөдөгү авиакеросиндин таңкыстыгы жана кымбаттыгынан улам Коргон-Төбө жана Куляб шаарларынан Москвага Бишкек аркылуу учуп жатат. Тажик учактар Бишкектен кошумча күйүүчү май куюп, сапарын ары улантышат.

"Домодедово" аэропортунун сайтына ылайык, "Ист Эйрдин" Коргон-Төбөдөн Москвага 733-каттамы жана Кулябдан 703-каттамы 2014-жылдын апрелине чейин Бишкек аркылуу учат.

Авиакеросиндин таңкыстыгы жана кымбаттыгынан улам Орусиянын "S7 Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Хоженттен Москвага 960-каттамы Бишкек аркылуу 1-декабрга чейин учат. Ушул кырдаалга байланыштуу Тажикстанга чартердик рейстер дээрлик токтогон. Кээ бир тажикстандык авиакомпаниялар Түркмөнабад жана Шымкент аркылуу учууда.

Борбор Азияда эң арзан авиакеросин Түркмөнабадда – бир тоннасы 1081 доллар. Бишкекте – 1140 доллар, Алматыда – 1393 доллар жана Душанбеде 1900 доллар. (BAz)

XS
SM
MD
LG