Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Москва: 6 кыргызстандык артка кайтарылды


Москванын “Домодедово" аэропортунан 16-ноябрда “Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын учагы менен учуп барган кыргызстандык 6 жүргүнчү кайра артка жөнөтүлдү.

Бул тууралуу “Кыргызстан” авиа компаниясынын президенти Жолдошбек Бектурганов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга кайра жөнөтүлгөн адамдар Орусияда мыйзам бузду делип Миграциялык кызмат түзгөн “кара тизмеге” кирип калган. Буга байланыштуу Орусиянын Чек ара кызматы алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Орусиядан кайра артка кайтарылган жүргүнчүлөрдүн саны күндөн-күнгө көбөйгөнүн билдирген Бектурганов тиешелүү органдарды бул боюнча тезинен чара көрүүгө чакырууда:

- Күн сайын эле ушундай болуп жатат. Ар бир каттамдан 3-4 киши артка кайтарылууда. “Манас” аэропортунда “Добрососедство” фонду түзгөн тизме туура эмес болуп жатат. Бул жактан карап кетип, Орусияга барганда эле Чек ара кызматынан тизмесинен чыгып калып жатат. Ошондуктан, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маселени Орусиянын тиешелүү министрликтери менен биргеликте тезинен чечпесе болбой калды.

Буга чейин Орусия миграциялык саясатын катталдантып, мыйзам бузду делген мигранттарды өлкө аймагына киргизбөө чечимин кабыл алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG