Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Токтонасыров өзбек элчилигинин алдында акция өткөрөт


Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрөт. Укук коргоочу кадамжайлык Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууну талап кылат. Буга чейин Токтонасыров дал ушундай эле талаптар менен бир нече жолу өзбек элчилигинин жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына пикетке чыккан. Бирок бул аталган мекемелер эч кандай жооп берген эмес.

19-июнь кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылган деген жүйө келтиришүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG