Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

"Сезим" тасмасы Кореядагы фестивалда сыйлык алды


Түштүк Кореянын Бейжон шаарында өтүп жаткан жаш режиссерлордун фестивалында кыргызстандык режиссер Асел Чоткараеванын “Сезим” аттуу кыска метраждуу тасмасы “Мыкты оюн тасмасы" деген сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу өкмөт алдындагы кинематография департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-ирет өтүп жаткан фестивалда 700дөн ашык тасма катышкан. Кыргызстандан Чоткараеванын тасмасы менен бирге Абдулалим Мамадалиевдин “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар” жана Марат Райымкуловдун “Көрүнбөс адамдар” аттуу анимациялык тасмасы катышкан.

Өзгөчө таланттарга ээ майып кыздын тагдырын баяндаган “Сезим” тасмасы Асел Чоткараеванын алгачкы эмгеги. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG