Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Сарууда нааразылык акциясы уланууда


Бул тууралуу айылдагы активист Абай Узаков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, айыл тургундары Кумтөр алтын кенине байланыштуу уюштурулган башаламандыктан кийин камакка алынган жердештерин бошотуу талабы менен айыл ичине төрт боз үй тигип, нааразылык чараларын улантышууда.

Буга чейин Саруу айылына барган акыйкатчы Бакыт Аманбаев саруулуктар жарым аскерий абалда жашап жатканын айтып, бийликтерди көңүл бурууга үндөгөн. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев акыйкатчынын билдирүүсү негизсиз экенин айтып, Сарууда тополоңго тиешеси бар он чакты тургун гана нааразылык акциясын уюштуруп жатышканын, айылда абал туруктуу экенин “Азаттыкка” билдирип келет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG