Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Баткенде өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйдү


Баткен облусунда соңку 9 айда 16 өспүрүм өз жанын кыйды. Өткөн жылы бул аралыкта 9 бала өзүн өлтүргөн болчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жанын кыйгандардын басымдуу бөлүгү эркек балдар. Мындай учур көбүрөөк Лейлек районунда катталууда. Быйыл аталган аймакта 7 бала суицидге барган.

Лейлек районунун акиминин орун басары Марапат Ташполотованын айтымында, жан кыйган балдардын көбүнүн ата-энеси Орусияга иштеп кеткен. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG