Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Казанда кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес


Татарстандын Казан шаарында кечээ кечинде кырсыкка кабылган учактын ичинде кыргызстандыктар болбогонун “Азаттыкка” бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

17-ноябрь күнү Казандын эл аралык аба майданында "Татарстан" авиакомпаниясына таандык Боинг–737-400 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жаткан учурда кырсыкка учураган. Москва-Казан каттамын аткарган бул учак кырсыгынан 50 адам мерт кетти. Каза болгондордун арасында Татарстандын президентинин уулу да бар.

Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Татарстандын президенти Рустам Миннихановго көңүл айтуу катын жиберди. (SE)

XS
SM
MD
LG