Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Айткуловдун ден соолугу туруктуу


Өткөн жумада сабалган адвокат Икрамидин Айткуловдун ден соолугу туруктуу. Жарааты акырындык менен айыгууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаттын иниси Хансар Айткулов билдирди.

Бишкек шаардык травматология борборунда дарыланып жаткан Айткуловду 13-ноябрда үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Натыйжада, баш мээси чайкалып, сол буту сынган. Бети-башы көгала болуп, реанимацияга түшкөн.

Айткулов токмоктолгондон кийин милиция өзүнүн булактарына таянып, адвокаттын жанынан 10 миң доллар, 7 миң сом жана чөнтөк телефону тонолгон деп маалымат тараткан жана бул ишке жөн гана талап-тоноочулук деген өңүт берген. Айткуловдун өзү жана жакындары бул сабоо атайын буйрутма менен жасалганын, мунун артында азыркы бийлик тураарын айтып келет.

Учурда окуянын чоо-жайы Свердловск райондук милициясы тарабынан иликтенүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG