Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Токтонасыровго өзбек элчилигинен эч ким чыгып жолукпады


Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин жанында пикет өткөргөн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кадамжайлык Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартуу талабын койду.

Токтонасыровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, анын талаптарын угуу үчүн коңшу өлкөнүн дипломаттарынан бирөө-жарым чыккан эмес. Буга байланыштуу түшкө жуук башталган нааразылык акциясы саат 14.30дарда токтогон:

- Окуяга милиция көз салып турду. Алар улам келип, акциянын максатын сурай беришкенинен, элчиликтен эч ким чыкпай койгондуктан, пикетти токтоттум. Менин бул аракетимде эч кандай улутчулдук белги жок, мен адам укугунун сакталышын гана талап кылуудамын,- деди Токтонасыров.

19-июнь кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылган деген жүйөнү айтып келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG