Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Чилиде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болот


Чилиде мурдагы мамлекет башчы социалист Мишел Бачеле президенттик шалйоонун биринчи айлампасын жеңди. Эми 15-декабрда ага атаандаш болуп консерватор Эвелин Маттеи чыкмакчы. Биринчи турда экс-президент добуштардын 47 процентине жакынын алды, Маттеини шайлоочулардын 25 проценти колдогон. Кесиби боюнча доктур Бачеле Чилинин алгачкы аял-президенти катары өлкөнү 2006-2010-жылдары жетектеген. Түштүк Америкадагы бул мамлекеттин кирешеси жан башына эсептегенде эң көп деп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG